
ИИМдин делегациясы Кытайда иш сапар менен болду
27-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваИИМдин делегациясы тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты чыңдоо максатында Кытайга иш сапары менен барды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов башында турган ИИМдин делегациясы Кытайга Синьцзян-Уйгур Автономиялык районунун Коомдук коопсуздук департаментинин чакыруусу менен барган. Иш сапар 19- 23-июнь күндөрү болуп өткөн.
«Иш сапардын негизги максаты — ИИМдин чек арага чектеш бөлүктөрү менен КЭР СУАРдын ортосундагы тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты бекемдөө, Кытай полициясынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча жаңы жетишкендиктерин изилдөө, учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен полициянын иши менен таанышуу, диний экстремизмге каршы күрөшүү ыкмаларын изилдөө, оор жана өзгөчө оор кылмыштарга каршы күрөшүү ыкмалары менен таанышуу, коомдук тартипти сактоону уюштуруу, массалык башаламандыктарда полициянын аракеттери жана колдонулган ыкмалары жана каражаттары менен таанышуу болду», — деп билдирет ИИМ
Булак: Аргумент кж