
ИИМдин ардагерин узатышты
21-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваИИМдин фельдъегердик кызматынын өздүк курамын бул кызматта көп жылдар
бою үзүрлүү эмгектенген Абдирашид Султановду салтанаттуу түрдө татыктуу
эс алууга узатышты.
Абдирашид Султанов фельдъегердик кызматты чыңдоого жана өркүндөтүүгө чоң
салым кошкон.
Ал өзүнүн бай тажрыйбасын жаш кызматкерлер менен бөлүшүп, кеңештерин
жана наасаттарын айтып келген. Ал жеке убактысын дагы жумушка арнап
иштеген.
«Абдирашид Султанов узак кызмат учурунда коюлган милдеттерди жана
тапшырмаларды ар-намыстуулук менен аткарып, жаш кызматкерлерге үлгү
болуп келген. Ар дайым колдоп, бардык нерседе таяныч болгон үй-бүлөңүзгө
ыраазычылык билдиргим келет. Сиздерге чың ден — соолук, узун өмүр,
ошондой эле үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо жана ден-соолук каалайм», —
деди фельдъегердик кызматтын башчысы Руслан Айбатиев.
Иш-чаранын соңунда Абдирашид Султановго кесиптештеринин атынан эстелик
белектер тапшырылды. Андан кийин иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү
салтанаттуу жүрүш менен улантылды.
ИИМдин Басма сөз кызматы