Гүлжайна Атаканова: Мен сени сүйөм сасык. Сендей жигитти чаап алган мен дагы жөнөкөй кыз эмес экем”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Куудул, ырчы, актриса Гүлжайна Атаканова жакында турмуш жолуна аттанат. Бул тууралуу куудул айым Инстаграм баракчасына маалымдады:
“Бул күндү көптөн күтүп жашадым. Бирок, сабыр кылдым, өз теңимди таптым. Аллахыма чексиз шүгүр айтамын.

Жакында той. Карантиндин бүтүшүн күн санап күтүп жатабыз. Аз күндө жездеңер менен тааныштырам. Баарыбыз бактылуу бололу. Кыргызстаныбыз тынч болсун.

Көп кыйын күндөрдү башыбыздан өткөрдүк, бирок, бири-бирибизди таштап кетпедик. Мен сени сүйөм сасык. Сендей жигитти чаап алган мен дагы жөнөкөй кыз эмес экем”.

Аргумент.kg