Сүрөт-Гүлжайна Атаканова кнопкасы бар машина алды.Эми Ырыс Жоомартова эмне деп мактанат?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Куудул Гүлжайна Атаканова темир тулпарлуу болгонун маалымдады. Ал өзүнүн социалдык баракчасына Анжелика Кайратова, Миргүл Бообекова, Айзат Бербаева менен эс алууда жаңы унаасы менен түшкөн сүрөтүн бөлүшүп:

 

“Эх жашоо кандай сонун. Жашоону сүйөм. Жакшы адамдар менен жүргөн өзү керемет”,-деп жазды.

 

Күйөрмандары аны куттуктап жатышат.

 

Белгилей кетсек, КРнын маданиятынын мыктысы Гүлжайна Атаканова учурда 37 жашта. Жакында эле карантин аяктаса жеке жашоосунда өзгөрүүлөр болуп, той кыларын маалымдаган болчу. Ошондой эле актриса айым карантин маалында кайрмдуулук иштерин активдүү алып барды.

Аргумент.kg