Гүлшайыр Садыбакасова: Мурдагы президенттердин жолугушуусу – Кыргызстандын өнүгүшү, тынчтыгы үчүн керек

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

КР эл артисти, Гүлшайыр Садыбакасова президенттердин жолугушуусу тууралуу жеке пикирин билдирди:

-Менин оюмча эң туура кадам болгон. Президент Садыр Нургожоевичтин бул  жасаган ишине өтө ыраазы болуп отурам. Себеби, кыргыз элинин өсүп-өнүгүшү, Кыргызстандын келечеги үчүн, бүгүнкү күндөгү олку-солкулуктун баарына чекит коюлушу үчүн мындай кадамга барганы эң туура болуп отурат.  Себеби,  тээ ата бабаларыбыздан бери, кылымдардан кылымдарды кезип келген  доорлордон доорлорду басып өткөн,  кыргыз эли дагы мына ушундай оомал-төкмөл дүйнөнү, оомал төкмөл жашоону башынан кечирип келген. Ошондо дагы журт жакшыларыбыз, ажолорубуз, хандарыбыз бүт өз ара, ич ара душмандыктарынын,  ич ара кастыктарынын баарын кечирип,  ич ара бири-бирине болгон түшүнбөстүктөрүнүн баарын  кечирип, кыргыз элин түптөп, бүгүнкө күнгө түздөн түз өбөлгөсүн  тийгизген.

Мен бул мурдагы президенттердин жолугушуусун абдан туура деп ойлойм, себеби, адамдын жашоосунда кимдер гана жаңылбайт дейсиң.  Пенде болуп биз деле, кайсыл бир жаштын курагында болгондо кээде жаңылган, кээде ашыкча, кээде кем сүйлөп койгон  учурлар бар.  Биз пендебиз, инсанбыз. Ошондуктан бул  кечиримдүүлүк элибизге керек. Бул элибиз, журтубуз, өзүбүз  үчүн керек, алакандай кыргыз үчүн бизге тынчтыктан, биримдиктен башка эч нерсенин  кереги жок. Биз тынчтыкты сүйгөн, кадырлаган, тынчтыкта жашаган элбиз. Ошондуктан биз өткөн-кеткен нерселердин баарын кечиришибиз керек.  Буга чейинки тигиндей же мындай болгон деген нерселердин баарын кечире билип,  туура кадамга барышыбыз керек. Дүйнөдө эч бир мамлекетте биздей болгон жок окшойт. Президенттер качып кетти, ар кайсыл жакта жашап, азбы-көппү Кыргызстандын өнүгүшүнө баарынын салымы бар. Кээ бир жерлерде убагында кемчилик кетирип, тайып кеткендир.  Кээ бир учурда туура эмес жолдорго түшүп кеткендир, бирок кайсыл бир деңгээлде  баардыгынын кошкон өз алдынча  жакшы салымдары бар.  Ошондуктан бул Садыр Жапаровдун айкөлдүгү менен, бул  чечкиндүүлүгү менен президенттердин башын бириктиргени акылмандыгы десек болот.  Азыр элге ушундай биримдик керек. Ансыз биз өнүгө албайбыз. “Көп баштан  көп акыл чыгат, бир  баштан  бир акыл чыгат” дейт.  Алар азбы-көппү президент болуп иштешти. Айрым нерселерди “каап, учурунда ушундай кылбаптырбыз, мындай же тигиндей кылсак болмок  экен, ушул жерден ката кетириптирмин”  деп булар деле жатып алып ойлонушту да.

Ошондуктан бүгүнкү күндөгү булардын баягы кеп-кеңештери, акыл насааты да керек го деп ойлойм.  Кыргыз эли түбөлүк биримдигибиз, ынтымагыбыз менен  оор кырдаалдарды, мүшкүлдөрдү башыбыздан  басып өткөрүп келгенбиз, мындан ары дагы жаркын жашоого барганга бул кадамдар туура деп ойлоймун.

Ошол президенттердин  баарын жолдон чыгарган жанында жүргөн  кошоматчылары, жаман адамдары болгон. Бүгүнкү күндө дагы андайлардан куру эмеспиз. Президенттин айланасындагы 4-5 адам элдин камын көрүп жүргөн болсо, айрым адамдар кресло бөлүштүрүү менен алек болуп жатышат тилекке каршы. Кудай баардыгына нысап, ыйман, акыл-эс берсин. Бийликке барган адамдардын жүрөгүндө кыргыз элим деген  ыйык туюм жана ыйык сезим жашашы керек. Ушундай ыйык нерсени карманса Кыргызстан өнүгөт, өсөт, гүлдөгөн өлкөгө айланабыз.

Аргумент.kg