Гүлшайыр Садыбакасова кызматтан алынды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Гүлшайыр Садыбакасова Ош облустук филармониясынын жетекчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Садыбакасова облустук филармонияны 2000-жылдан бери башкарып келген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы филармониянын абалы начар экенин айтып, Садыбакасованын ээлеген кызматына ылайыктуулугун кароону сунуштаган.

Ал эми Садыбакасова ага жалган-жалаа жабылып жатканын айтып, депутаттан кечирим суроону талап кылган.

Аргумент.kg