Гүлнара Баатырова министрликтен кетпесе, тармактын ойрону чыкканы калды

Гүлнара Баатырова министрликтен кетпесе, тармактын ойрону чыкканы калды

16-баш оона, 2023-ж // Без рубрики // Айпери Осмоналиева

“Сен мага, мен сага тийбейин” деген ыргакта министр Гүлнара Баатырова кетип баратат. Кайда экени белгисиз. Реформанын “р” тамгасын да жасай алган жок. Саламаттык сактоо тармагында баягыдай эле башаламандык, жалпысынан бейтаптарга шарт түзүлгөн эмес. Ооруканаларда кезек күтмөй, орундар, дарылар жетишсиз. Кадр саясаты да аксап атат. Профессионал, билимдүү, тажрыйбалуу медиктер жеке клиникаларга, чет өлкөлөргө кетишүүдө. Аппарат, техникаларга муктаждыктар жаралса да, аларды сатып келүү жолго коюлбаптыр. Жалпысынан саламаттык сактоо министрлиги башкаруу функциясын жоготуп, чаржайыттыкка, шалаакылыкка жол берген. Гүлнара Баатырова кызматынан тезинен кетип калбаса, ансыз да оңолбогон тармактын ойронун чыгарчудай. Тилекке каршы, соңку убакта акыбал оорлошо баштады. Эмне кылуу керек? Шашылыш түрдө жаңы министр дайындалбаса, абал чатак. Татыктуу, кесипкөй врачтар бар, бирок алардын тааныштары жогору жакта болбой жатпайбы. Кеп мына ушунда.

“Азия Ньюс” гезити