Губернатордун орун басары: Панфилов дивизиясындагы кыргыздардын эрдиги эсибизде

Губернатордун орун басары: Панфилов дивизиясындагы кыргыздардын эрдиги эсибизде

31-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

. Уралдагылар кыргыз менен казактардын Улуу Ата Мекендик согуштагы оор күндөрдө Панфилов дивизиясынын курамына кошулганын унутушкан жок. Бул тууралуу «Эскирүү мөөнөтү жок. Тарых соту» көргөзмөсүнүн ачылышында Свердлов облусунун губернаторунун орун басары Василий Козлов билдирди.
Анын айтымында, бул көргөзмө бир жыл мурда Екатеринбургда өткөн. Анда Нюрнберг, Хабаровск жана Токио процесстеринин жүрүшү, жыйынтыгы камтылган архивдик документтер топтолгон.

«СССРде бул согуш бир дагы үй-бүлөнү кыйгап өткөн эмес десем жалган айткан болбойм. Согуш учурунда орустар, кыргыздар жана башка көптөгөн элдер ийиндешип күрөшкөн», — деди Козлов.

Булак: Аргумент кж