Грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти кылмыштуу топту каржылаганга шектелди

Грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти кылмыштуу топту каржылаганга шектелди

11-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деп кармалды. Маалыматты УКМКдан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Камчы Көлбаевди уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылаганы үчүн Грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти И.А.Х. кармалды.

Ал жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишмердүүлүгүнө катышкан, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жалпы фондуна салык (жалпы пайданын болжол менен 30%) деп аталган каражаттарды чогултууга катышкан.

И.А.Х. Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: Аргумент кж