Гречканын сиз билбеген пайдасы

Гречканын сиз билбеген пайдасы

02-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Гречка — дан өсүмдүктөрүнүн падышасы Гречканы тамакка күрүчтөн кем колдонбойбуз. Анын пайдалуу касиеттерин айрым кожойкелер билип колдонсо, айрым кожойкелер билбей эле колдонушат. Гречканын көпчүлүк билген тоюмдуу, даамдуу касиеттеринен тышкары да толгон-токой пайдасы бар.

Гречка диетасы Кечинде гречканын үстүнө кайнак суу куюп коёсуз, эртең менен даяр. Кайнатуунун кажети жок. Аны туз жана эч кандай татымал кошпой жешиңиз керек. Артынан майсыз кефир ичип алганыңыз жетиштүү. Суу жана көк чайды да каалашыңызча колдоно берсеңиз болот. 1-2 жумалык гречка диетасынан кийин 7ден 12 килограммга чейин салмак таштоого болот.

Туура пайдалануу Гречканы балык, сүт, кайнатылган жумуртка менен жегенде анын пайдалуулугу артат. Анткени, бул азыктардагы белоктор гречкадагы белокту толуктап турат. Ал эми эт менен гречканы кошуп жегендин кажети жок. Гречкадагы темир этте деле көп, экөө кошулганда организмге сиңиши кыйындайт. Гречканы жашылчалар менен жеген жакшы, айрыкча капустанын ар кандай түрлөрү менен. Мындай учурда организм витаминдер менен жакшы камсызданат жана организмге ашыкча күч келбейт. Бул азыкты мүмкүн болсо жумасына эки жолу кечки тамакта жеп туруу керек. Гречка кайнаган суу өзүнө бул азыктын бардык пайдалуу заттарын сиңирип алат. Андыктан, гречка кайнаган сууну төкпөгөнгө аракет кылыңыз. Гречкадан эки жарым эсе көп суу куйган болсоңуз, бул идеалдуу пропорция болуп эсептелинет.

Тарыхы. Гречканын мекени болуп Индия эсептелет. Болжол менен мындан 4 миң жыл мурун Индиянын тоолуу райондорунда жашаган тургундар тоодо өскөн чөптүн уругунун желүүчү касиетин билишип, аны тамакка колдоно башташкан. Көп жылдар бою гречка жашыл түстөгү абалында колдонулуп келген. Гречка Россияга Грециядан келген. Анын «гречка» деп аталып калышынын себеби да ушундан. «Гречка» — «грек даны». Мындан болжол менен 300-400 жыл мурун Россияга, андан бизге жеткен гречканы «дан өсүмдүктөрүнүн падышасы» деп аташкан.

Булак: Аргумент кж