Гипноздук чеберчилиги менен Максат ажы келиндерди кантип арбап атат?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Акыркы мезгилдерде соцтармактардан Максат ажы Токтомушевге токол болуп тийүүнү эңсеген келин-кесектер көп чыга баштады. Эмне үчүн? Ириде ал молдолордун эң байы. Жубандардын айтымында, Максат ажы мээримдүү, эрктүү, түшүнүктүү эркек катары сүрөттөлөт. Айрымдары уят-сыйытты жыйыштырып коюшуп, ачык сезимдерин билдирип жатышса, көпчүлүгү тымызын сүйүшүп, жеке жолугууга жол издешип, айтор, тытынып жатышкан кербездери. Максат ажы баяндарында аялзатын аздектеп, шарият жолу менен жогорку деңгээлде баалаганы, күчтүү эркек катары гипноздук чеберчилиги менен арбаганы байкалат. Анан ич дүйнөлөрү эзилген, кумарга суусаган, кара сакалдын кылдарына чертилгиси келген ургаачы заты бошоп кетет тура. Чыдай албай сүйүүлөрүн арнап жиберишүүдө. Кээ бир айымдардын айтымында, молдолордун төрөсү ачык колу, берешендиги менен көпчүлүктөн өзгөчөлөнүп турат экен. Анан мындай эркекти кантип сүйбөй коюшсун? Баардык жагынан кытыгылап жатса…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg