
Гипермаркеттин кассасынан акча уурдаган жигит видеого түшүп калган
24-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкекте 27 жаштагы жигит шаардагы дүкөндөрдүн биринин кассасынан акча уурдого шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 14-октябрда болжол менен саат 16:20да белгисиз жаран Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан гипермаркеттин кассасынан 45,8 мин сом уурдап кеткен. Бул окуя боюнча милицияга арыз жазылган.
Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 27 жаштагы жигит кармалган. Октябрь райондук соттун чечими менен ал №1 тергөө абагына 2 айга камака алынган.
Милициядан билдиришкендей, учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштырга катыштыгы бар экени аныкталган.
Булак: Аргумент кж