Гинеколог: Негизи ооруну үйгө эркектер алып келет

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ракка кабылган аялдардын көбү дарыгерге 3-4-стадияда келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук онкология борборунун радиогинекология жана брахитерапия бөлүмүнүн башчысы Чынара Батырканова айтып берди.

Дарыгер аялдарды оорунун эч кандай белгилери болбосо дагы жылына бир-эки жолу сөзсүз гинекологго кайрылып, текшерилип турууга чакырды.

“Негизи үйгө ооруну эркектер алып келет. Мисалы, бизге кайрылган аялдар бат-баттан өнөктөштөрүн алмаштырбайт. Бул нерсе эркектерге көбүрөөк тиешелүү. …Алар ошентип жүрүп ооруну аялына алып келет. Жубайы эч нерсе билбейт, үйүндө отурат, бирок ооруйт. Жатындын моюнчасындагы ракты адамдагы папиллома вирусу козгойт. Ал кадимки эле вирус. Адамдан адамга жыныстык жол менен жугат. Эркек вирусту алып келгени менен бул илдет менен оорубайт. Эркектерде вирустун кээ бир түрлөрү бар, алар башка ооруларды пайда кылат”, — деди Батырканова.

Ал папиллома вирусун дарылоого болорун белгилеп, дарыланбай жүрө берсе ракка өтүп кетерин билдирди. Адис Улуттук онкология борборунун радиогинекология жана брахитерапия бөлүмүнө кайрылгандардын жарымы айыкпайт дейт.

“Себеби алар оору өтө өтүшүп кеткенде келишет. Айыга алышпайт. Рак баштапкы стадияларында эч кандай белги бербейт, аны эрте билүүнүн эң жакшы жолу — дарыгерге кайрылып, текшерүүдөн өтүп туруу”, — деди Батырканова.

Аргумент.kg