Генерал Суваналиев депутат болуп кетеби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

ЖКга өтө турган Ленин бир мандаттуу шайлоо округунда  катталган талапкерлердин саны 18ге жетти. Акыркы болуп генерал Өмүрбек Суваналиев  жана мурдагы экс-депутат  Турсунбай Бакир уулу катталды.

Коомчулук Өмүрбек Суваналиевдин мүмкүнчүлүгү чоңураак деп баа беришүүдө. Эмне үчүн? Анткени Суваналиев кийинки кезде өзүн бийликке оппозиция катары көрсөтө алды. Экинчиден атаңдааштарынын арасында элге белгилүү болуп өзүн көрсөтө алгандар жокко эсе. Эксперттер шайлоо өнөктүгүн мыкты өткөрсө Суваналиевдин депутат болуп кетүүсү толук мүмкүн деп атышат.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg