Мурдагы бийликтердин учурунда акыл үйрөтүп, ЖМКга чыга калчу Кубатбек Кожоналиев көзгө көрүнбөй калган. Көрсө, «Кыргызалтын» ишканасынан «майлуу кызматка» минип, 12 миң долларга чейин айлык алып жатканы айтылууда, ыраспы? Карыганда казы-картаны кенен чайнап, майкөл-сүткөл жашоону кечирип жатканы ушулбу? «Берия» каймана атындагы генералыбыз эми калыс сөзүн айта албай, жашоонун рахатына батып жатса, көралбастык эмес! Жашасын, жыргасын, бирок, алтын тармагына аралашкандар эртеси жооп берип калчу эле. Деги таза сакталат бекен?..

Булак: Азия News гезити