
Гарри Поттер тасмаларында Дамблдордун ролун аткарган актёр Майкл Гэмбон каза болду
29-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваИрландиялык жана британиялык актёр Майкл Гамбон 82 жашында каза болду. Бул тууралуу The Guardian актёрдун үй-бүлөсүнө шилтеме кылып жазат.
Актёрдун жубайы менен уулу: «Сэр Майкл Гэмбондун каза болгонун жарыялоо бизди капа кылды» деп айтышкан. Алар Гамбон пневмониядан кийин ооруканада, үй-бүлөсү жана досторунун курчоосунда каза болгонун билдиришкен.
Актёр Гарри Поттер тасмаларында профессор Дамблдордун ролун ойногон.
Булак: Аргумент кж