Футбол калысы Бахадыр Кочкаровдон жаңы рекорд
14-үчтүн айы, 2019-ж // //Кыргызстандык рефер Бахадыр Кочкаров Эл аралык футбол федерациясындагы (ФИФА) калыстардын 2019-жылдагы тизмесине кирди. Муну менен мекендешибиз аталган тизмеге 22 жыл бою жазылып, рекорд жарата алды.
Ал эми эң алгачкы жолу бул тизмеге 1997-жылы киргизилген болчу.
Бахадыр Кочкаров — дүйнөдөгү 107 мамлекеттин футбол боюнча курама командасынын оюндарына калыстык кылып, Азия, Европа футбол жылдыздарынын оюндарына көз салган айтылуу ФИФА калысы. Ал өзү жана кыргыз футболу тууралуу оюн Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берген.
Б.Кочкаровдун ФИФАдагы карьерасы 1996-жылдан тарта башталды.

England’s Aaron Lennon, second from left, pushes away Wayne Rooney, left, as Algeria’s Madjid Bougherra, top, shakes hands with a linesman after the World Cup group C soccer match between England and Algeria in Cape Town, South Africa, Friday, June 18, 2010. Second from right, referee Ravshan Irmatov, of Uzbekistan. (AP Photo/Julie Jacobson)
«Үй-бүлөдө 4 уул, 1 кыз элек. Мен үчүнчүсүмүн. Алгач 2-3 жыл эркин күрөш менен машыгып жүрүп, колум сынып калганда аны таштагам. Бирок кийин атамдын сунушу менен футболго машыгууга баргам. 10 жашымдан баштап футболго катышып, 10-классты аяктагандан кийин Москвага бардым. Ал жакта футбол ойнодум, хоккей ойнодум. Аскерге чакыруу келип, кызмат да өтөп келдим.
Аскерден кайткандан кийин Оштогу педагогикалык институтта сырттан окуп, футбол боюнча машыктыруучу болуп иштеп жүрдүм. Ошол мезгилде машыктыруучу болуп иштеген футбол мектепте учурда директормун.
Алгачкы жолу 1991-жылы Бишкекке окуучуларымды турнирге алып бардык. Ошол турнирде калыстардын бири келбей калыптыр. Анын ордуна оюнга мен калыстык кылдым. Ал оюндан кийин машыктыруучунун сунушу менен Фрунзе шаарына калыстарды тандоо туруна катыштым. Андан кийин Казакстандагы калыстарды тандоо туруна бардым. 1996-жылдан баштап ФИФАнын калысы болдум», — деди ал.
Кыргызстандык калыс 107 мамлекеттин курама командаларынын оюндарына калыстык кылууга жетишти.
«Жалпы канча оюнга калыстык кылганым эсимде жок. Бирок дүйнөлүк футбол чемпионатында Европа, Түштүк Америка жана башка континенттердеги мыкты командалардын оюндарында калыстык кылгам. Алардын ичинен эсимде калганы Аргентина менен Германиянын, Бразилия менен Италиянын, Мексика менен Африканын, Уругвай менен Голландиянын, Коста-Рика менен Американын оюндары болду. Клубдук командалардан «Барселона», «Реал Мадрид», «Сантос», «Манчестер Юнайтед» командаларына калыстык кылгам десем жаңылышпайм. 107 мамлекетке барып, дүйнөдөгү командалардын 90%нын оюндарына калыстык кылдым», — деди ал.
Б.Кочкаров Месси менен Роналдонун клубдар аралык оюндарына да күбө болуп, калыстын милдетин аткарган.
«Барселона» клубунун чабуулчусу Мессинин коштоосунда Япониядагы оюнуна калыстык кылгам. Ошондой эле Роналдо «Манчестер Юнайтед» клубунда ойноп жүргөндө, мындан сырткары «Барселона», «Реал Мадрид», «Сантос» клубдарынын оюндарында калыс болдум. Биз акыйкаттуу болууга милдеттүүбүз», — деп белгиледи.
Бахадыр Кочкаровдун үйүндө 2010-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын кубогунун нускасы сакталуу.
«Үйдө Азиядагы оюндардагы топтор, дүйнө чемпионатында ойнолгон топтор, белгилүү клубдардын эн белгиси түшүрүлгөн тасмалар, «Барселона» футбол клубунун президенти берген «Вarselona» деген жазуусу бар кездемелер, ошондой эле 2010-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын кубогунун нускасы жана алган сыйлыктарым сакталуу», — деди ал.
Ошондой эле Б.Кочкаров кыргыз футболу жөнүндө пикирин айтты.
«Кыргызстан футболго акыркы жылдары жакшы мамиле жасап калды. Жакшы көңүл бурулуп калды десем да туура болот. Менин оюмча футболду жандандыруу, Кыргызстан курама командасы келечекте Азиянын чемпиону болушу үчүн биз футболду мектептен баштап окутушубуз керек. Футболдук клубдарды көбөйтүү зарыл. Мындан сырткары футболго мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу керек. Кыргызстанда футболдук базалар абдан аз жана 27 жылдан бери стадион курулган жок. 27 жылдан бери кичи спорттук сарай курула элек», — деди ал.
Булак: Турмуш