Фурхат Усеновго арыз жазган начальник Денис Аманов “терпила” беле?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Панфилов РИИБнин начальниги Денис Аманов убагында чүйлүк байкелеринин арты менен көтөрүлүп, учурда көпкөлөң тарта иштеп жатат. Жакында бир сайт аркылуу өзүн “Жылдын мыктысы” катары жарнама жасатты. Айбек Азыранкулов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кагаз ташыгычы, депутат, кийин губернатор болгондо жарыгы тийгени айтылат. Азыр болсо ИИМдин жогорку жетекчилигине каршы иштеп, панфиловдук жердештери, полковниктер Рыскул Жапаркуловго, Рафик Мамбеталиевге маалымат ташып, “шыбап” жүргөнү тастыкталабы? Эки фронтто ойной берсе, аягы чатакка айланбайбы? А баса, бул эргул убагында ИИМдин орун басары Фурхат Усеновго арыз жазып, анын кызматтан алынышына себепкер болгону генералдар тарабынан козуган кербези. “Терпила” беле? Жасалма кылмыш ишине себепчи болгону ачыкталабы? Бирөөгө жамандык кылуу менен көтөрүлгөнбү? Ыплас буйрукту жаземдебей жасай берсе, эртеңки күнү баа берилет да, туурабы? Бул начальник боюнча алдыда да кептер бар…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg