Францияда карыяны өрттөн куткарган өзбекстандык мекенине экстрадицияланмай болду

Францияда карыяны өрттөн куткарган өзбекстандык мекенине экстрадицияланмай болду

20-жетинин айы, 2023-ж // Дүйнө кабары // Айпери Осмоналиева

Франциянын Миграция кызматы 39 жаштагы өзбекстандык качкын Мухсинжон Ахмедовду мекенине экстрадициялоо чечимин чыгарды.

Быйыл 20-октябрдан бери Париждеги качкындар лагеринде отурган жаран 18-ноябрда Өзбекстанга жөнөтүлөт.

2020-жылы Мухсинжон Ахмедов дагы үч жигит менен бирге (баары качкындар) Франциянын Монтеро шаарында бир карыяны өрттөнүп жаткан үйдөн сактап калган.

Бул окуяны француз басылмалары кеңири чагылдырган. Куткаруучуларды күтпөстөн карыяны өрттөн сактап калган адамдарга шаардыктар ыраазычылыгын билдиришкен.

Шаардын мэри жеке өзү алардын ар бирине көрсөткөн эрдиги үчүн Монтеро медалын тапшырган. Активисттер ыктыярдуу куткаруучулар качкындар экенин билип, аларды колдоо үчүн петиция түзүшкөн, ага үч жылда дээрлик 30 миң адам кол койгон.

Бирок жарандардын өтүнүчүнө карабай, француз өкмөтү өзбек качкынын мекенине депортациялоону чечти.

Мухсинжон 2016-жылдан бери башпаанек сурап келген. Ал Өзбекстанда «Хизб-ут-Тахрир» уюму менен байланышы бар деген айып менен издөөгө алынган.

Буга чейин «Озодлик» радиосуна берген маегинде Мухсинжон Ахмедов өзбек бийлигинен бир гана нерсени — адилеттүү сот жана тергөөнү талап кыларын билдирген.

Булак: Аргумент кж