
«Фирменный» ырлары үчүн тойлорго чакыруу алган Бек Исраилов менен маек.
12-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЫрчы Бек Исраилов жакында эле «Ну-ка, все вместе!» вокалдык шоусунда 99 эксперттин тандоосу менен сынактын жарым финалына өттү. Анын ийгилиги, сынакка катышуусу жана чыгармачылыгы, алдыдагы пландары тууралуу маектешти.
«Ну-ка, все вместе!» сынагы тууралуу
— Чынын айтсам, бул сынак мен үчүн башкача болду. Биринчи жолу теле долбоорго катышып жатам. Буга чейин эл аралык сынактарга катышып жүргөм, бирок алар 3-4 күндө эле 1-2-тур жана финал болуп бүтүп калчу. Ал эми бул долбоорго катышууга 2 апта кетти. Бул убакытта биринчи жана андан кийинки баскычтар тартылды. Өтө сонун сынак экен. Башка сынактардан айырмасы — адаттагыдай 9-10 калыс эмес, 100 эксперттин алдында ырдадык. Долбоордо өтө күчтүү атаандаштар көп болду. Деңгээли менен бийик турган сынак экен. Жакшы конкурс экен, мага аябай жакты.
«Славян базары» сынагы долбоорго катышууга себеп болгон
— 1 жыл мурда «Славян базары» конкурсуна катышып, калыстар тобундагы Яна Клявиня менен таанышып калгам. Ошол айым «муну менен токтоп калбастан Москвада өтө турган «Ну-ка, все вместе!» сынагына катыш, мен ойлойм, сен ошол жактан да ийгиликке жетишесиң» деген. Ошонун сунушунан кийин долбоорго катышуу ниетимди билдиргем, мага дароо канааттандырган жооп келди. Россиядан уюштуруучулар чалышты, 2 айга чукул даярдандык. Мен аткара турган ырдын жаңы аражировкасын беришти, бул жактан даярданып жаттым. Продюсер, музыкант, жардамчылар менен видео чалуу аркылуу байланышып турдук. Биринчи турга даярданууда көбүрөөк убакыт берилген. Андан кийинкилерине убакыт аз болуп калды. Кийинки аткарууларым кандай болуп калды деп ойлонуп жатам. Себеби биринчисинде 99 эксперттин, көрүүчүлөрдүн колдоосуна ээ болгондон кийин жарым финалдагы аткаруум кандай болуп калат болду экен, биринчидегидей эле жакшы кабыл алынабы деп сарсанаа болуп жатам.
Булак: Аргумент кж