Финансылык пирамидада алданып калган жарандардын укугу

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Коомдук жайларда кайгуул иштери күн-түн иштеп, жарандардын коопсуздугун карашат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, 2022-жылдын 7-мартында ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн жетекчилерине ички иштер органдарындагы санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүү, үрп-адаттарды тартипке келтирүү жөнүндө Президенттин Жарлыгынын аткарылышы жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде жол кырсыктарынын санын азайтуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен  башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү талкууланды. ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков онлайн чогулуштун аягында жогоруда белгиленип өткөн учурлардын негизинде жалпы беш тапшырманы коюп аны кынтыксыз аткаруу керек экенин белгиледи. “Биринчи тапшырма: Былтыркы жылы жана быйылкы жылдын 2 айында бети ачылбай калган кылмыштардын бетин ачып, 1-чейректи ийгиликтүү жабуу боюнча ар бир жетекчи тиешелүү иш-аракеттерди көрсүн. Кылмыштын бетин жакында ачабыз же маалыматтар бар, иштеп жатабыз деген позициядан алыстаңыздар. Кылмыштын бетин создуктурбай ачып, тергөө амалдары калыс
жана акыйкат жүргүзүлсүн; Экинчи тапшырма: Коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган аймактарда күнү-түнү кайгуул иштери жүргүзүлүп, кылмыштарга, укук бузууларга жол берилбесин. Рейддик иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлсүн. Жаш өспүрүмдөргө байланышкан кылмыштарга, үй-бүлөлүк зомбулуктарга жана башка социалдык
багытта элдин тынчын алган окуяларды алдын алуу иштери күчөтүлсүн. Кайсы гана жаран болбосун милициянын жардамы керек болгон учурда ошол замат ыкчам кайрылып, маселесин чече ала тургандай болушу керек. Жергиликтүү бийлик органдары, коомдун активдүү өкүлдөрү, дин чөйрөсүндөгү кадыр-барктуу адамдар жана башка тиешелүү коомдук уюмдар менен тыгыз байланышта иш алып барып, Жарлыгын ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча жоопкерчиликтүү иштер аткарылсын; Үчүнчү тапшырма: Жол кырсыктарынын санын кескин түрдө азайтуу, адам өлүмүнө алып келген оор кесепеттерге чекит коюу боюнча ыкчам жана тез чаралар көрүлсүн. Жол кырсыктары орун алышы мүмкүн болгон участоктордо күчөтүлгөн тартипте иштер алып барылып, айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр арасында пропагандалык жана эскертүү иштери алып барылсын. Айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө жоопкерчиликке, адам өмүрү баарынан жогору экендигине, айдоочулук тартипти катуу сактоого өзгөчө көңүл бурулсун. Унаа мекемесинин кызматкерлери унааларды каттап, күбөлүктөрдү берүү менен чектелбестен, жаш айдоочулар арасында пропагандалык таасир иштерин жүргүзсүн; Төртүнчү тапшырма: Жардам сурап кайрылган ар бир жаранга токтоосуз түрдө көңүл бурулуп, маселеси каралып, жеринде чечилсин. Ар түрдүү алдамчылыктардын курмандыгы болгон жарандарыбыздын саны күн сайын өсүүдө. Алдамчылыктын жеңил ыкмалары менен карапайым жарандарыбызды алдап, үй алып берем, участок алып берем деп алдап кеткен жасалма фирмалардын ишмердигине бөгөт коюлсун. Андан тышкары, акчаңды көбөйтүп берем деген мааниде финансылык пирамида жолу аркылуу көптөгөн адамдар алданып калууда. Алдамчылыктарды болтурбоо жана бөгөт коюу үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жыйынтыктары ар бир жуманын аягында Башкы штабга маалымдалып турсун. Бир дагы жаран милицияга нааразы болбошу керек. Жабыр тартып милицияга кайрылып, бирок тиешелүү жардам ала албай, тескерисинче нааразы болгон учурлар орун ала турган болсо, анда ошол жердеги биринчи жетекчи катуу тартиптик жазага тартылат. Бул талапты райондук жана шаардык бөлүмдөрдүн ар бир жетекчисине жана кызматкерине жеткирип коюңуздар.  Бешинчи тапшырма: 2021-жылдын жыйынтыгы менен болуп өткөн коллегияда негизги 5 кадам боюнча тапшырма койгом. Коюлган тапшырмаларды өз учурунда аткарып, алдыга коюлган максаттарга жетүүгө аракеттер көрүлсүн. Кызматкерлердин тартибине, элге болгон мамилесине, өз милдетин кынтыксыз
аткаруусуна көңүл бурулсун. Буга чейин кылмыштын бетин ачуу, сотко
жөнөтүү багыттары боюнча гана жооп берип, ошого жараша баа берилип келсе, мындан ары учурдун талабына жараша жоопкерчиликтер каралат. Анын ичинде, санарип багыты, элди сервистик тейлөө, жарандардын маселесин жеринде чечүү, ар түрдүү  кырдаалда милдеттерди ыкчам аткаруу, элге жат көрүнгөн окуяларды алдын алуу, коомчулуктун социалдык абалына терс таасирин тийгизген кылмыштарга бөгөт коюу, жергиликтүү коомчулук жана мамлекеттик органдар менен тыгыз иштөө, кызматкерлерге шарт түзүү жана башка бир катар маанилүү багыттар боюнча ишмердикке баа берилет.
Ошондуктан, ишмердикти күчөтүп, кемчиликтерди ирээтке келтирип,
күнү-түнү талыкпастан иш алып барыңыздар”,-деди онлайн жыйында Улан Ниязбеков. Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын
ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Аргумент.kg