
Финансы министри быйыл 9 айда Кумтөрдөн бюджетке канча акча түшкөнүн айтты
20-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБыйыл 9 айда Кумтөрдөн республикалык бюджетке салык жана дивиденддерден 20 миллиард 489 миллион сом түштү. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев парламентте фракциялардын биргелешкен жыйынында билдирди.
Анын ичинен 7,3 миллиард сом дүң киреше алынды, минералдык-сырьё базасын өнүктүрүү үчүн 133, Ысык-Көл фондуна 537, Нарын облусун өнүктүрүү фондуна 322 жана айлана-чөйрөнүн булганганы үчүн 26 миллион сом берилген.
Ошондой эле министр 2022-жылы 34,7 миллиард сом түшкөнүн, бирок быйылкы пайда андан азыраак болорун белгиледи.
«Себеби былтыр көп жылдан бери чегерилбей жаткан минералдык-сырьё базасын өнүктүрүү үчүн 4 пайыздык төлөмдүн баары которулуп, ири өсүш болуп кеткен. Ал төлөмдүн суммасы 16,8 миллиард сом болгон. Быйыл болсо андан 132 миллион сом түшүп жатат, бул планга дал келет», — деди Бакетаев.
Булак: Аргумент кж