Феликс Кулов өлкөнүн атын өзгөртүүнү сунуштады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Эгер өлкөнүн аты “Кыргыз Республикасы” болсо, анда ал бардык тилдерде бирдей жазылып, бирдей айтылат. Мындай пикирин экс-депутат, саясатчы Феликс Кулов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн аталышы эл аралык аренада көп чаташып жатат. Ал буга мисал катары, жакында эле өткөн «Аалам периси» сулуулук сынагынын алып баруучусу Казакстандын атынан биздин катышуучубузду көрсөтүп, өлкөнүн атын эки жолу адаштырганын эске салды.

«Алгачкы булактарга кайрыла турган болсок, “стан” деген сөз перс тилинен келип, “жер, өлкө” дегенди билдирет. Азыркы перс тилинде топонимдерди – элдердин жашаган жерлеринин географиялык аталыштарын түзүү үчүн “стан” суффикси колдонулат. Байыркы тарыхыбызда кыргыз мамлекетин белгилөө үчүн “стан” префикси эч качан колдонулган эмес. “Кыргызстан” деген аталыш салыштырмалуу жакында эле пайда болгон.

Мен убагында биздин өлкөгө Кыргыз Республикасы деп расмий аталыш берүүнү сунуштагам. Менин саясый оппоненттерим дароо сындап киришкен. Бирок кийинчерээк бул тема улам-улам көтөрүлө баштады. Биздин Конституцияда өлкөнүн аталышы расмий тилде “Кыргызская Республика (Кыргызстан)”, мамлекеттик тилде “Кыргыз Республикасы (Кыргызстан)” деп айтылат.  Эгер өлкөнүн аты “Кыргыз Республикасы” болсо, анда ал бардык тилдерде бирдей жазылып, бирдей айтылат.

Мен түшүнөм, азыр андан да маанилүү маселелер бар экенин айткан сынчылар сөзсүз болот. Бүгүн болбосо да келечекте жасоого эмнеге болбосун. Кемени кандай атасаң, ал ошондой  сүзөт деген сөз бар эмеспи. Андыктан анын мааниси, аты да окуяга таасирин тийгизет. Эч ким баласына жаман ат койбойт, ошондуктан кандайдыр бир “ат менен окуялардын ортосунда жашыруун жана белгисиз гармония” бар,- деп жазды Феликс Кулов.

Аргумент.kg