Саясат

Феликс Кулов Мелис Мырзакматовдун партиясына бирикти

Феликс Куловдун «Ар-Намыс» партиясы «Улуттар биримдиги» партиясы менен бирикти. Бул тууралуу Kaktus.media жазды.

Маалыматка караганда, «Намыс жана тартип» коалициясы түзүлдү. Анын курамында «Ар-Намыстан» Феликс Кулов, «Улуттар биримдигинен» Мелис Мырзакматов, «Элдик-демократиялык партиясынан» Артур Медетбеков жана коомдук уюмдар бар.

Коалиция шайлоого «Улуттар биримдиги» партиясынын атынан барат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага катышуу үчүн 73 партия катталган. Бирок бүгүн «Аалам» саясий партиясы, ага чейин дагы бир партия шайлоого катышуудан баш тарткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *