Интернет тармагы аркылуу таро карта ачып келечекти айтып берем деген Фатима айым менен телефон аркылуу байланышып, саясый кырдаал тууралуу сурадык.
“Көптөн бери карта тартпай калгам. Бирок мага азыр өлкөнүн абалы  өтө оор болуп жатканын көрсөтүп атат. Элдин басымдуу бөлүгү күнүмдүк курсагын да тойгуза албай жатат. Мындай көрүнүштүн аягы бир топко созулат. Оор абалда жаткан өлкөну көпчүлүк атка минерлер алдыга жылдыра албайсын түшүнуп турат. Абактагы саясатчылардын көбү эркиндикке чыгат. Алардын арасында Атамбаев да түшүп жатат. Ошондой эле карталарым кайрадан Атамбаевди ажо болот деп жатат. Кетирген каталарын ондоого аракет кылат.  Азыр буга чейин кетирген каталарын ойлоп кейип турган учуру”-деп телефон аркылуу карталары эмне көрсөтүп жатканын айтып берди.
Булак:argument.kg