
Facebook, Instagram? Өлкө жетекчилери кайсы соцтармакты колдонот
24-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваСоциалдык тармак маалыматты ыкчам жеткирүүнүн гана эмес, коом менен байланыштын дагы таасирлүү аянтчасына айлангандыгы маалым. Андыктан ар кайсы тармактагы активисттерден тарта саясатчылар, өлкө башчыларына чейин аны жигердүү колдонууга аракет жасашат.
өлкө жетекчилигин социалдык тармактагы активдүүлүгүнө саресеп салып көрдү.
Садыр Жапаров социалдык тармактын активдүү колдонуучусу экени маалым. Ал президент болгондон кийин дагы өзү пост жазып, комментарийлерде пикирин билдирип, атүгүл парламенттин депутаттарына дагы жооп жазып турчу. Кызуу талкуудан кийин баракчасына жарыяланган айрым посттору өчүрүлгөн учурлар дагы болгон. Мисалы, мамлекеттик резиденциянын аймагында уу коргошун даярдаган видео жана анын пайдасы тууралуу текст алынган.
Булак: Аргумент кж