Евразия өнүктүрүү банкы санарип демилгелерге сынак жарыялады

Евразия өнүктүрүү банкы санарип демилгелерге сынак жарыялады

24-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Санарип демилгелерге жарыяланган кезектеги сынакка арыздар кабыл алынууда. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) башкаруучулугунун төрага орун басары, Санарип демилгелер фондунун куратору Тигран Саркисян билдирди.
Ал Sputnik маалымат борборунда өткөн «ЕАӨБдүн Санарип демилгелер фондунун долбоорлору ЕАЭБдин интеграцияланышына кандайча жардам берүүдө» аталышындагы видеокөпүрө учурунда сүйлөгөн.

«Адаттагыдай эле мыкты долбоорлорго сынак жарыялайбыз. Өзөгүндө интеграция болушу кажет. Мамлекеттерибиздеги мыкты санариптик чечимдерди жалпы евразиялык мейкиндикте чагылдырууга багытталышы зарыл. Фонд тематикага туура келген долбоорлорду каржылоого даяр», — деди Саркисян.

Булак : Аргумент кж