
Эстелик тургузууну эрежеге салуу керек
25-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКРнын маданият , маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги. Кыргызстандын аймагында эстеликтерди, стелаларды, мемориалдык такталарды жана башка мемориалдык курулуштарды долбоорлоор жана орнотуу эрежелерин иштеп чыкты.
Бул маселе азыркы учурда өтө маанилүү болуп турат анткени борбор шаарыбыз Бишкекте түштүк борбор Ош шаарында эстеликтерди жана ардак такталарды орнотууда ар кандай баш аламандыкка жол берүлүүдө. Буга көчөлөргө ат кою маселесин дагы кошсок болот, мындай ардактуу демилгеге мамлекет үчүн, эл үчүн татыктуу кызматын кылып артында из калтырган инсандар тартышы керек бирок көп учурда андай болбостон кимдин укум тукуму тың чыкса ошол инсандарга артыкчылык берүлүүдө. Маселе, Бишкек кааласынын жаңы конуштарынын биринде узун кеңири көчөгө такыр аты жыты белгисиз адамдын эле аты коюлуп көчө баш жагына тактасы орнотулду эмне үчүн мындай болду десе корсо ал адамдын бала чакасы ал конуштун эки көчөсүн өңдөп түзөп бериптир. Ушул иштелип чыккан жобо мындай окуяларды токтот деп ишенели. Ошол эле учур да Өкмөт дагы кыргыз га белгилүү татыктуу инсандардын эстеликтирин борборго көрүнүктүү жерге орнотууга расмий түрдө уруксат берип чыгымдарын которушу керек. Мисалы айта кетели, Кыргыз романынын негиздөөчүсү Түгөлбай Сыдыкбековго атактуу артисттер Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов өңдүү таланттарга борбордо көрүнүктүү жерде мыкты эстелик тургузулушу зарыл.
Булак: Аргумент кж