Эшек мал эмес. Депутат эшек уурдагандардын жазасын жеңилдетүүнү сунуштайт

Эшек мал эмес. Депутат эшек уурдагандардын жазасын жеңилдетүүнү сунуштайт

19-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков  мыйзам долбоордо эшекти малдын катарынан чыгарып коюуну сунуштады. Бул тууралуу ал мал уурулук боюнча демилге талкууланып жаткан учурда айтты.

“Айылда эшек менен балдар алектенет. Кээде минип кетип калат. Ал үчүн чоң жаза киргизүү туурабы? Аны малдан бөлүп койсок. Жаза катары айыппул деле жетиштүү болот. Адам деген ар кандай болот экен, эшек эшектигин кылат. Кыргыз эли аны малдын катарына кошкон эмес”, — дейт Дастан Жумабеков.

Мыйзам долбоорлордун автолорунун бири Мейкинбек Абдалиев жаза уурдалган малдын түрүнө эмес, наркына жараша белгиленерин айтты.

“Жаза зыянга жараша болот. Аны тергөө аныктайт. Эшек деп белгилеп койбосок болбойт. Азыр айылдарда эшек деле калбай калган”, — дейт ал.

Мыйзам долбоор Кылмыш жаза кодексине өзгөртүү сунуштайт. Ага ылайык мал уурулукка айыпталгандардын мүлкү конфискацияланып, жаза мөөнөтү күчөтүлөт. Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.
Булак; Аргумент кж