
Эс алуучу жайда коркунучтуу бактерия тароодо
30-кулжа, 2023-ж // Дүйнө кабары // Айпери ОсмоналиеваАтактуу эс алуучулардын жайы болгон Балиде коркунучтуу эки бактерия табылды. Бул тууралуу чет элдик The Bali Sun басылмасы жазып чыкты.
Маалыматта, E-coli аталыштагы ичеги карындын жумуштуу бактериясы туристер тынымсыз агылган Петитенгет жана Бату Болонг пляждарында табылган. Бул бактериялар алгач жукканда адамга зыянсыздай жөн гана бир аз ичи өтүп басылып калат. Бирок убакыттын өтүшү менен адам катуу ооруп, башка ички органдарына терс таасирин тийгизет. Бул бактерияларды изилдечүүлөр деңиз жээгиндеги эс алуучулардан калган тамак-аштын калдыктарынан улам пайда болууда дешүүдө. Мындан сырткары, эс алууга келгендер сууга түшүүдө, серфинг тебүүдө жана бир сыйра ысык бууда иштетилбеген деңиз тамак-аштарынан жугушу толук мүмкүн экенин айтышып, эс алууга келгендерден QR- код талап кылышууда. Учурда аэропорттордо электрондук инструкция үч тилде жеткиликтүү болуп, эс алуучуларды сак болууга чакырышууда.
Булак: Аргумент.кж