
Эрулан Кокулов:Эл Бакиевди унутпайт ,аны актабагыла
18-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваДепутат Эрулан Кокулов 18-майдагы Жогорку Кенештин жыйынында Курманбек Бакиевдин акыркы интервьюсу тууралуу сөз кылды.
«Акыркы убакта мага экс-президенттерди реаблитациялоо жумуштары жүрүп жаткандай сезилип жатат. Бул кишилер көп маек берип, соцтармактарга байма-бай чыгып, ар жакта кенен жүрүп калды. Азыр мен дагы жооп күтүп (бийликтен — ред.) жатам. Чындап эле ошондой болуп жатабы, силердин оюңар кандай? Эгер Бакиевдерди эл унутуп калды деп бирөөлөр ойлоп жаткан болсо андай эмес. Жеке менин эсимде баары бар», — деди Көкүлов.
Ошондой эле, депутат кесиптеши Эльвира Сурабалдиеванын сөзүнө кошулаарын да айтты.
Булак:Аргумент кж