Эртеңден тарта Бишкектен Балыкчыга жасалган поезд каттай баштайт

Эртеңден тарта Бишкектен Балыкчыга жасалган поезд каттай баштайт

16-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

16-июндан тарта Бишкектен Балыкчыга поезд каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, каттамдар жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө аткарылат.

«Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар», — деп айтылат маалыматта.

Бишкектен жүргүнчү поезд саат 07:40та чыгып, Балыкчыга шаарынын Озерная көчөсү 3 дарегинде жайгашкан станцияга саат 11:42де келет.

Ал эми Балыкчыдан саат 17:48де чыгып, Бишкекке 21:50дө келет.

Булак: Аргумент кж