
Эртең Ош облусунун аймагында жалпы ишембилик өтөт, туристтик сезонго даярдануу
09-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЭртең, 10-июнда Ош облусунун аймагында жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишембиликтин алкагында облус аймагындагы бардык мекеме-ишканалар, ички-сырткы көчөлөр жана имараттар тазаланып, жашылдандыруу жумуштарына өзгөчө көңүл бурулат.
Ишембилик экологияны жакшыртуу, туристтик сезонго карата даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө.
Өкүлчүлүк облустун тургундарын ишембиликке чыгууга чакырат.
Булак; Аргумент кж