Милицияга эркек киши таанышым 17-январда зордуктаган деп кайрылды. Окуя Бишкек шаарында жайгашкан Ибраимов көчөсүндө жайгашкан батирде болгон. Бул тууралу «NazarNews» — маалыматтык агенттигине ички иштер органдарындагы өздүк булактар кабарлады.
Жабырлануучунун арызы боюнча 24 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага карата Жаза кодексинин 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш иши козголгон.