Өзбекстанда Кашкадарыя облусунда эркек киши кызганычтан улам аялын электр араа менен өлтүргөн, деп билдирди Podrobno.uz кабарчысы MY5 телеканалынын маалыматына таянуу менен.
Тергөөнүн версиясы боюнча, Тараккиет микрорайонунда жашаган 1982 жана 1986-жылы туулган күйөөсү менен аялы акыркы жарым жылдан бери тынымсыз чырдашып келишкен. Натыйжада аял ата-энесине барган. Жубайлардын үч баласы бар, жергиликтүү бийлик аларды жараштырууга көп жолу аракет кылган, бирок эркек макул болгон эмес.