Эмомали Рахмон эки күндүк жумушчу сапар менен Казакстанга барды

Эмомали Рахмон эки күндүк жумушчу сапар менен Казакстанга барды

26-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Тажик мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлагандай, президентти Астанага бир катар министрлер жана мекеме жетекчилери коштоп кетти.

Күн мурун Казакстандын бийлиги Эмомали Рахмон өлкөгө президент Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен келерин билдирген. Маалыматка караганда, сапардын алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана инвестициялык кызматташтык маселелерин талкуулайт.

«Мындан тышкары президенттер Тажикстандын маданият күндөрүнүн ачылышына катышып, бул өлкөнүн айыл чарба азыктарынын көргөзмөсүнө барышат», – деп жазылган Акордонун билдирүүсүндө.

Быйыл июлда Сауд Арабиясынын Жидда шаарында өткөн «Борбор Азия өлкөлөрү менен Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин» саммитинде жолуккан Рахмон менен Токаев соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурганы кабарланган.

Май айында Рахмон Казакстанга мамлекеттик сапар менен барганда тараптар Тажикстандын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча макулдашкан. Бирок анда анын датасы айтылган эмес.

Булак: Аргумент кж