Эмирлан Зарылбек уулу милицияга тескери сөз тийгизип, артка тартканы өкүнүчтүү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Октябрь РИИБнин начальниги Эмирлан Зарылбек уулунун бир тууганы Э.З. героин менен кармалганы жарыяланды. УКМК кылтакка илиптир. Мындай жагдайда Эмирлан Зарылбек уулу кызматынан кетиши шарт эле. Мыйзам, моралдык жоопкерчилик тебелендиби? Укук коргоо органынын жетекчиси түкшүмөл жаратса, коомчулукка кайсы үлгүнү көрсөтөт? Булардын бир кездеги Таластагы “жаңжалы” өзүнчө кеп кылууга арзыйт… А баса, Эмирлан Зарылбек уулу мурдагы бийлик тушунда Сооронбай Жээнбековдон сыйлык алган. Убагында өздүк курам мындай ийгиликке таңгалган жайы бар. Көрсө, Кой-Таш окуясында Кашкар Жунушалиевдин көрсөтмөсү менен ИИМге кармалган жарандарды дал ушул эргул сабап, кордук көрсөткөнү Сокеге жакканбы? Алга Кылычев таяк жегенин, “пыткага” кабылганын жазып чыккан. Башкалар да соцтармактан арызданышканы эсибизде. Кыскасы, кайсы жагынан караба, Октябрь РИИБнин начальниги артынан сөз ээрчитип, же ишин тыңдай албай, милицияны артка тартып атканы өкүнүчтүү. Жардын кырына келип калды окшойт… «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg