Эмил Узакбаев түзгөн Ташиевди коргоо коому эмне максатты көздөйт?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Тээ Акаевдин заманында бир топ бийлик кызматтарында штеген азыр ардактуу эс алууда жүргөн Эмил Узакбаев деген аксакал бар. Ал бир топ убакыт мурда К.Ташиевди корогоо жана колдоо коомун түзгөн. Курамында мурда бийликте жүргөн азыр эс алуудагы аксакалдарды киргизген. Арасында маселен, А.Эркебаев, О.Ибраимовдор бар дешет. Алар айына бир жолу чогулуп чай үстүндө маектешет экен. Анда: өлкөдөгү саясий экономикалык ахвал талкууланат сыяктуу . Чайга кеткен чыгымды Эмил Узакбаев өзү көтөрөт экен. Айрымдар бул бирикмени Узакбаев К.Ташиевди колдоо уюму деп түзгөнү менен өзүнүн жеке маселелерин чечүүгө да активдүү пайдаланууда деп айтып калышат. Ал азыркы кездеги таасири күчтүү жетекчи К.Ташиевден  жакындары, бала-чакалары үчүн калканыч издейт деген ойду да кыйытышат. Бирок учурда  бул тууралуу так маалымат жок.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg