Элмурза Сатыбалдиев Бишкек мэринин иштен кетүүсүн талап кылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровду иштен кетирүү сунушун ЖК депутаты Элмурза Сатыбалдиев жолдоду. Парламент жыйынында депутат ишмердүүлүгү күмөн ойлорду жараткан «Нур-строй» компаниясы менен мэрдин байланышы бардыгын айтты. «Сиз кадрларыңыздын профессионалдуулугун текшерем дегенсиз, а өзүңүздүн профессионалдуулугуңузду ким текшерет? Президент сизге ишенээрин билебиз, бул жөнүндө тар да, кеңири да чөйрөдө айтылып жүрөт», — деген Сатыбалдиев мэрге шаарды начар абалга алып келип койгонун моюнуна алып, өз каалоосу менен иштен кете берүүнү сунуштады. А мэр депутатка шаарды өнүктүрүү боюнча өзүнүн программасын аягына жеткирмейинче кетпей турганын айтты. Ал мэр бир нече ай иштеп кете берсе эч нерсе чечилбей турганын, үч беш жыл жылбай иштеши керектигин белгиледи. «Сиздин пенсияга чыга турган убагыңыз келди. Ошондо сиз 63 эмес, 68 жашыңызда кетесизби? Президенттен мени бошотуп коюңуз деп айтууга эркиңиз жетеби?», — деди Сатыбалдиев.

Аргумент.kg