Елена Калашникова СИЗОдон чыкты

Елена Калашникова СИЗОдон чыкты

31-теке, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Елена Калашникова УКМКнын СИЗОсунан бошотулду. Ал 12 миллион сом зыяндын ордун толтурду дешти Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан.

Белгиленгендей, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 28-июлдагы чечими менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылды.

«Айыпталуучулар К.Е.А. жана В.А.Иге карата мурда тандалган баш коргоо чарасы 22-августка чейин үй камагына деп өзгөртүлдү. Тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча айыпталуучу К.Е.А. 12 миллион сом, ал эми айыпталуучу В.А.Иден 1,5 миллион сом материалдык чыгым өндүрүлгөн. Буга байланыштуу тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылган», — дешти соттон.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети RestPoint курулуш долбоорун ишке ашырууда фонддогу коррупция фактысы боюнча иш козгогон. Укук коргоо кызматкерлери компаниянын кеңсесинде жана Калашникованын үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

Булак: Аргумент кж