“Электрстанциялар” ААКнын башкы директору Осмон Качкынбаев мурда соттолгон адам

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

2022-жылдын 12-декабрында улуттук “Энергохолдинг” акционердик коомунун директорлор кеңешинин чечими менен “Камбар-Ата–II” ГЭСинин филиалынын директору Осмон Качкынбаевди «Электрстанциялар» ААКтын башкы директору кылып дайындаган. Үстүбүздөгү жылдын башында КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан эсеп палатасынын жана аудитордук уюмдардын катышуусунда “мамлекеттик бюджетти уурдоо жана максатсыз пайдалануу фактылары боюнча ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында 7 чакырым айланма каналды курууда жана “Камбар-Ата–II” ГЭСинин курулуш убагында уурдоо, мамлекеттик бюджеттин акча каражатын туура эмес пайдалалган” деп тыянак чыгарган. 

Июнь айынын башында Жалал-Абад облустук УКМКнын тергөө кызматы “уурдоо, мамлекеттик бюджеттеги акча каражатты кыянатчылыкта пайдаланган” деп “Электрстанциялар” ААК филиалдын башкы директору Осмон Качкынбаевге, мурунку “Нарын ГЭС” ААКнын жетекчиси М.Чокоевге жана “Жагалмай” ЖЧК курулуш комнанияларына кылмыш ишин козгоп, тергөө кызматы “118 миллион сом мамлекетке зыян келтирилген” деп жыйынтык чыгарган. Бул кылмыш иштери өтө оор жана бир топ кызматкерлер менен мурун сүйлөшүп алган деп эсептелинет. Тергөө амалында Осмон Качкынбаев зыян келтирген деп 18 миллион сомго жакын айып акча төлөп, Бишкек шаарында ээлеген кымбат баалуу батирлерин саткан. Ал эми М.Чокоев 7 миллион сомдон ашык кассага төлөп, Кара-Көл шаарындагы үйүн саткан. Курулуш компаниянын жетекчилери болсо өтө чоң акча каражат айып төлөгөн. Бирок, аыйыпталуучулар толугу менен келтирилген зыянды төлөгөн эмес, ошон үчүн кылмыш иши ачык бойдон калган. 

Осмон Качкынбаев 2010-жылы май айында КР энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин буйругу менен “Нарын ГЭС” ААКнын техникалык директору болуп дайындалган. Мамлекеттик бюджетти эбегейсиз ысырап кылганын жашыруу үчүн “Камбар-Ата–II” ГЭСин курууда энергетика тармагынын жетекчилиги жана «Электрстанциялар» ААК тарабынан мыйзамсыз жана жасалма документтерди жасашат. Насыя келишиминде №Д 014-7/272 30-сентябрь 2010-жылы Кара-Көл шаары “Камбар-Ата–II” ГЭСинин директору Качканкулов Бектурсун Жандарович 1 миллиард 155 миллион 633 миң сом «Нарынгидроэнергострой” ААК (“Нарын ГЭС”) директору Качкынбаев Осмон Кененбаевич 10 жылдык мөөнөткө, төлөө убактысы 3 жылдан кийин деп насыя берет. Качкынбаев Осмон (“Нарын ГЭС” ААКнын техникалык директору) коррупциялык жол аркылуу 1 миллиард 155 миллион сомду жасалма жол менен өздөрүнө караштуу менчик ишканаларга которуп жиберген. Бул фактылар менен Осмон Качкынбаевге кылмыш иштери козголгон жана Кылмыш кодексине караштуу 185, 221, 350-беренеси менен күнөө коюлуп, айыпталуучу катары табылган. 2012-жылы 12-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “күнөөлүү” деп чечим чыгарган.

Соттун чечимине карабай, Качкынбаев Осмон “Нарынгидроэнергостройдун” (“Нарын ГЭС”) башкы директору болуп дайындалат. 2020-жылы “Нарын ГЭС” ААКна 1 миллиард 155 миллион сом насыя каражатты кайтарыш керек эле. Бирок, мурунку “Нарын ГЭС” ААКнын башкы директору Качкынбаев Осмон 600 миллион сом кайтарылган деп айткан. Улуттук “Ээнергохолдинг” ААК жана “Электрические станции” ААКнын жетекчилери мамлекеттик кадр саясатын толугу менен талкалап, чоң шек келтирип, мурунку мыйзамсыз жана туура эмес жетекчилерди дайындап жатышат.

Эмки макаламда Осмон Качкынбаевдин мыйзамсыз жана коррупциялык иштери жөнүндө кеп козгоп, фактылар айтылмакчы. Ошого карабастан Осмон Качкынбаевге ыкчам жана кескин түрдө чара көрүлбөсө, пресс-конференция өткөзгөнгө мажбурланам жана түздөн-түз КР президенти Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылганга милдеттүү болом.

Расул Умбеталиев, ОЭК көз карандысыз серепчи. “Электрстанциялар” ААКтын акционери  «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg