Элчи Руслан Казакбаев 10-декабрда уулун үйлөндүрүп, дүңгүрөтө той берет

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев 10-декабрда уулун үйлөндүрүп, “Ала-Тоо” ресторанына чоң той бергени калды. Мындайда саясатчы, чиновниктер жайнап барат эмеспи. Кулактарына чейин майланыша эт жеш үчүн сукулдашып… Азырынча Руслан мырза тойдун камылгасын Анкарадан көрүп, санаалаштарын чекесинен чакырууда. Эгерде Өмүрбек Бабановдун жанында кызматсыз жүргөндө, өткөргөн үлпөт тоюнун шааниси анча чыкпай калат беле? Айтор, азыр даярдык катуу, каражат кенен, баардык жагы шайма-шай кетүүдө…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg