Экс-президенттердин жолугушуусу өлкөгө эмне пайда алып келет?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жакынкы күндөрдө Дубай шаарында өткөн КРнын учурдагы мамлекет жетекчиси президент Садыр Жапаров уюштуруп өткөргөн КРнын мурдагы президенттери менен жолугушуусу кыргыз коомчулугу аябай талкуулаган темага айланды. Ага чейин акыркы экс-президенттин бири Алмазбек Атамбаевдин  түрмөдөн бошотулуп дарылануу үчүн чет өлкөгө кетүү уруксат берилген. Атамбаев дарылануу үчүн Испанияга кетип баратып жолдон Дубайга кайрылган. Көрсө мурдагы президенттердин жолугушуусуна катышмак экен. Аны ал өзү бул жолугушуудан кийин айтып берди: «аны президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрөгасы К. Ташиев менен жолугушасыз деп чакырышкан экен. Болсо ал жолугушууга барбай коюшум мүмкүн болчу»-деди Атамбаев. Президент Садыр Жапаров болсо социалдык баракчаларында мындай жолугушууну өткөрүүнү көптөн бери максат кылып жүргөнүнү айтты. Жолугушуу учурунда мурдагы президенттер көп маселене ачык-айкын айтышып, айрым таарынычтарын да жашырышпаптыр. Катуу, катуу ачык сүйлөшкөндөн кийин  бири-бирин кечиришип, өлкөнү мындан ары өнүктүрүү үчүн улуттук ынтымакка жалпы биригүүгө зарыл экендигин баса белгилешиптир.

Күтүлгөндөй эле жолугушуу жөнүндө маалымат кеткенден кийин фейсбук өңдүү социалдык баракчаларда коомчулуктун өкүлдөрүнүн  катуу кайым айтышуусу башталды. Өзгөчө активдүүлүктү Бакиев менен Атамбаевдин тарапкерлери көрсөтүштү.Соц тармактын колдонуучулары ошондой эле аларды азыркы жетекчилик эмес, жалпы өлкөнүн эли кечириш керек деген пикирлерди көп жазышты. Бирок, коомчулуктун баарын бириктирген негизги идея жалпы мамлекет үчүн биргелешип аракеттенүү ынтымакты бекемдөө керектиги биринчи орунга чыкты. Бирок бул идеяны  ишке ашыруу үчүн кандай конкреттүү  аракет керектиги айтыла элек. Болуп өткөн жолугушуу КРнын саясий жашоосуна эмне жаңылыктарды алып келет? Коомчулук бул тууралуу жакын арада эле биле алат.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg