Экс болгондон кийин сөзсүз элчи болуш керекпи?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кызмат деген адамды кызылдай эле жейт экен го. Кызмат артынан байлык топтоо кумары ушу тапта күч алмак тургай ашынып кетти. Ал эми, кезинде жети өмүрү ыраазы болгудай байлык топтоп алгандар дале кызмат күсөп турганына таӊ каласыӊ. Мисалы, экс-премьер-министр, кой оозунан чөп албаган момун көрүнгөн Жоомарт Оторбаев Тышкы иштер министрлигинин эшигин улам жыртып, чет өлкөлөрдүн бирине элчи болууга кызмат сурап жүргөнү кызык. Карыганда калжаӊдап, жаштардан кызмат талашпай жөн жатууну булар качан түшүнөт деги? Макул Жоомарт Кайыпович элчи боло калса эле Кыргыз элине таалайдын таңы атып кетеби? Маселе ушунда… Качанкыга чейин ушул «эскинин калдыктарын» багып жүрө беребиз. Жаңы муун, жаңы дем деген болобу деги бизде. Дегеним, «экспонаттар» амбицияларына азгырылбай ордуларында эле турса гана, аттиң…

Булак:Де-Факто

Аргумент.kg