Эки балам бар экенин билип таштап кеткен жигитиме рахмат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ажырашкандан бери чүнчүп кеттим. Жок, чүнчүтүп жиберишти. Баары артыман шыбырашат, сөз кылышат, бетиме келип айтышат, айтор, эч ким тынчтык бербеди. Байкасам, өз ата-энем дагы менден уялып жаткандай болду. Чыдай албай калдым. Жашоо такыр болбой калды. Акыркы беш жыл балдар үчүн деп жашадым. Бул менин чоң катам болуптур. Убакытты уттургандан башка пайда таппадым. Оорукчан болуп калдым. Күйөөмө ажырашалы деп айткан күнүм дале эсимде. Чынысын алып туруп дубалга ыргыта чапты. Кичүү балам чоочуп ыйлап кирди. Жердин баары сыныктар. Бакырып жатты. Талак бербей турганын айтты. Кайра азыр берерин, кете беришим керек экенин айтты. Эмнеге ажырашкым келгенин сурап да койбоду. Балдарды көрсөтпөй турганын айтып коркута баштады. Макул деп койдум. Эртеси үйдөн чыгып кеттим. Апам суз тосуп алды. Жакшылап ойлонуп көр деди. Мен беш жыл мурун эле ойлонуп койгом. Андан бери бир топ жыл өттү. Иштеп, балдарымды окута баштадым. Атасынан кабар жок. Бул арада мага сөз айткан мырзалар пайда болду. Бирок, мен эмнегедир балдарым бар экенин айткандан уялат элем. Бул менин экинчи катам болду. Бир мырза артыман сөз айтып, гүл берип, жакшы эле жүргөн. Менин дагы ага көңүлүм бар болчу. Анан балдарым бар экенин айтсам, «артыңда арабаң бар беле, аны өзүң эле тарт» десе болобу. Мен ошондо өзгөрдүм. Бирөө эле балдарыма жаман сөз айтып жатканын кара… Ордуна сөз менен жакшылап коюп койдум. Эки балам менин командам. Мен мындан ары балдарым бар экенинен уялбайм. Алар эң жакын адамдарым. Мени чындап сүйгөн адам, балдарымды дагы сүйөт. Жок, мен турмушка чыкканга шашылбайм. Мен балдарым үчүн мыкты болом. Эч кимге сөз тийгиздирбейм. Бала деген бул сонун нерсе. Балаңарды бир кемчилик катары көрсөткөн мырзалардан алыс болгула. Алар силерди сүйбөйт. http://bilesinbi.kg/

Аргумент.kg