Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

11-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Мен 28 жаштамын. Турмушка чыгып 5 жыл жашадым, ортобузда бир уул бир кыз бар. Ажырашканыма 3 ай болуп калды.

Күйөөм эки бала менен тышка чыгарып койду. Бир гана өкүнгөнүм, аны аябай катуу сүйгөнүм.

Эл катары кыз-жигит болуп жүрүп, дүркүрөтүп свадьба берип, баш кошконбуз.

Элдер бизди төп келишкен жупсуңар деп, суктанып карашчу эле. Чексиз бактылуу күндөрүбүз өттү.
Алгач кыздуу болдук, аябай сүйүндүк. ЗАГСка тура элек болчубуз, ошондуктан кызымдын да күбөлүгүн ала алган жокпуз. Көп өтпөй уулду болдук. Жолдошум кубанып, аябай майрамдады.

Эмнегедир өзгөрө баштады

Эки бала менен депрессияга түшүп үйдө отурам. Мамилебизди оңдооого канча аракет кылсам да болбой койду. Кичинекейиме 6 ай болгондо ажырашам, деп туруп алды. Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, ойношторуң менен деле жүрө бер, бирок мени кууба, деп жалдырадым.

Ошону менен бирге жашообузду уланттык. Же тамака жетпейм, же кийимге жетпейм.
Мени кой, балдарга эч нерсе алып бербейт. Инимен акча алып, тигүүчү машинка сатып алдым. Көгөрүп отуруп, тиккенди үйрөндүм. Кичине болсо да балдарымдын керектөөлөрүнө жарагыдай акча иштеп алам.

Жалдырап, чөгөлөсөм да болбоду

Бирок чогулта алган жокмун. Ачуусунан аябай коркот элем “менден акча бекитсең, ыргыта тебем, өлтүрүп коем!”, деп коркутчу. Тапканымдын бардыгын ошого карматам. Болушунча көңүлүн алганга аракет кылам. Түрлөп тамак жасайм, кийимдерин жууп, тазалап коем, жакшы сүйлөп көңүлүн алганга аракет кылам. Бирок мунун баары ага кереги жок болчу.

Үч жылдан кийин төшөктөрүмдү көчөгө ыргытып, “жогол!”, деп мени кууду. Жалдырап, чөгөлөсөм да болбоду.
Балдарыбызга документти ошо бойдон алып берген жок. Жок дегенде фамилияңды бер десем да болбой койду. Акыры балдарды өзүмдүн атыма жаздырып, жалгыз бой эне болуп калдым. Иним мага каралашып, жардам берет.

Мен аны дагы деле сүйөм, күндө ыйлайм. Жаздыгым көз жашыма чыланат. Мага күчтүү мотивация бергилечи, суранам? Мындан ары кантип жашашым керек?

Булак: Аргумент кж