
Эки айдан бери дайынсыз жоголгон өспүрүм аман-эсен табылды
25-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЧүйдө эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунун Рухий Мурас — 2 жаңы конушунун 15 жаштагы Эрбол Эркинбеков аттуу тургуну 2023-жылдын 23-мартында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жаткан.
Дайынсыз жоголгон өспүрүм Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан 24-май түнү саат 03:00лөр чамасында Бишкек шаарындагы компьютердик клубдардын биринен табылып, ата-энесине өткөрүп берилди.
Булак:Аргумент кж