Эгерде жарың көзүңө чөп салса, эмне кылуу керек…

Эгерде жарың көзүңө чөп салса, эмне кылуу керек…

10-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева
Эркек эки аялдын ортосунда дагы көпкө чейин жүрө алат. Бирок аялдар кайрылып келген учурлар сейрек болот. Психолог Михаил Мунькин адамдар өмүрлүк жолдошунун башкага кетишин кантип көтөрүш керектигин насаат айтып, акыл үйрөтпөстөн, жөн гана, талдап берди.

Ала жипти аттаган жубай кандай кылганда өз түгөйүнө кайра келет жана адам чүнчүп кетпей, өзүн, нервин кандайча сактап кала алат? Психологдор менен психотерапевттер ассоциациясынын президенти Sputnik окурмандары үчүн дал ушул жаатта талдоо жүргүзүп берди.

— Ала жипти аттагандар да, алдангандар да мага көп кайрылышат. Ал эми мамилелерин кайра улантууга алы жеткендер жетелешип да келишет.

Адамдар ар түрдүү болгону менен, мындай учурда баарын: «Мени эмнеге башкага алмаштырды, менин андан эмнем кем жана мамилелерди сактап калса болобу?» деген бир гана суроо жанын жай таптырбай туруп алат.

Башынан баштайлы: сенин көзүңө чөп салганы, сенден кетип калганы жөнүндө кабар эмне үчүн ушунча оор тиет?

— Ар бир адам өзү кылдат куруп алган кичинекей дүйнөсүндө жашайт. Мисалы, бир аялды алып көрөлү. Ал үчүн жумушта ар кандай маселе болуп жатканы баары бир, себеби үйүндө күтүп жаткан күйөөсү бар. Кошунасы менен урушуп кетсе эмне экен? Коңшусунун аныкындай күйөөсү жок, ичи күйүп жатат. Мейли, кара жер өрттөнүп, көздү ачырбай жамгыр төгүп, доллар асмандап, мага десе, такыр кыйрап калсын. Себеби, үйдө баары өз жайында.

Анан ал күтүүсүз жерден эле күйөөсү башкага барып жүргөнүн билип калды дейли. Мындай кабарга даяр болуу мүмкүн эмес. Керебетте шашып таштап кеткен аялдын ич кийими, кокус көзгө урунуп калган телефондогу СМС-билдирүү, «санаалаштардын» айткан жаңылыктары. Ишеним, үмүт, жакшы көрүү баары өлөт. Ал өз үмүтүнүн сапырылган күлүн гана карап калат. Баягы ынак күйөө жок. Анын ордунда өрттөнгөн жер, нөшөр, кыйраган доллар гана калат.

Мындай абал жакын адамыңдын өлүмүнө тете. Бирок жакының каза тапканда адам кайгыга батса, мындай учурда жай дүйнөңдүн оорусу, ыза жана ачуулук гана калат.

Андан кийин өзүн-өзү жемей башталат: тиги үрпөйгөн тооктун (ошол байкуштун) менден эмнеси артык экен? Эркектер да, аялдар да өзүнөн-өзү күмөн санап, кайсы жагынан: сулуулугунанбы, акылы жагынанбы, же дагы эмнесинен кем экенин чукулап издей баштайт. Ички назиктиги же эрки жоголо баштайт, себеби алданып калган адам кайсы бир жагынан өзү кем экенин түшүнө баштайт.

Менден дайыма: «Эмне үчүн мени алдады?» деп сурашат. Бул сиздин мурдуңуз бучук же тапкан акчаңыздын аздыгынан эмес. Себептери көп. Аларды эки ири топко бириктирип көрөйүн.

Булак; Аргумент кж