Эгерде Жаныкулов депутат Козуевдин гектарлаган жерлерин ачыктаса, Оштон көчүп кетеби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош облустук администрациясында, укук коргоо органдарында, дээрлик башкаруучу системада жана эл арасында “Зиядин Жамалдинов губернатор болуп туруп, эч нерсе чечпейт. Бул жөн гана бийликтин көлөкөсү. Баардык маселени калчаган орун басар Данияр Жаныкулов…” деген пикирлер акыркы кезде курчуп кетти. Ооба, губернатордун орун басары мыйзамсыз жерлерди мамлекетке, элге алууга дилгир. Бирок…

Кызыгы, Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Мамажандагы мурдагы совхоздун гаражын Алишер Козуевдин атасы Абибилла Козуев убагында кызматынан пайдаланып, жеке менчикке арзан баада өткөзүп алса, эч ким “дың” дебегени кандай? Зиядин Жамалдинов жалтак мааниде шөмтүрөп атса, карайлаган карапайым калк Данияр Жаныкуловго кайрылышып, аталган мүлктү элге алууга аракет жасашууда. Тилекке каршы, таластык өткүр орун басар да “алчусун алып” койгонбу, айтор, “Алишер дегенде эле кокосуна кылкан тыгылып”, какап калганы эмнеси? Депутат Козуев туугандары менен 70 гектардан ашык сугат жерге ээлик кылып атса, Отуз-Адырдагы алма багын камсыздап, булардын дээрлик баардыгын жеке бизнестери үчүн пайдаланып жатышат. Мамлекет калыстык үчүн карайбы? А карапайым эл эки түп алмага жетпей келет, муну кандайча чечмелейбиз?

Данияр Жаныкуловго депутат Алишер Козуевдин үстүнөн чортамандар арызданышса, кашайып кыйшаңдаганы акылга сыябы? Түкшүмөл бар да. Эл астында Жаныкулов калп эле патриот, мекенчил көрүнүп, а көмүскөдөн байлардын колтугуна кирип, туйтунуп, байып аткан кербезиби? “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. Эл карап турат. Кызык, эгерде облустук администрация кыйшаңдаса, береги эргул жердешчиликке салып, Даниярды Оштон көчүрүп жибербейби? Коңгуроо кагылды. Кудайын тааныбай калгандар гана ушундай жолго барышат.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg