
Эгер бул белгилер болсо анда сиз…
23-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева
Эки жүздүүсүз
Сиз кошуналар, кесиптештер, достор, ата-энелер жана ал тургай бейтааныш адамдар менен достук мамиледесиз, алардын алдында сонун адамсыз . Ал эми өнөктөшүңүз менен жалгыз калганда бул жакшы тарабыңыз жоголот. Башкалар үчүн позитивдүү образды түзүү менен өзүңүздү коргойсуз. Айталы, өнөктөшүңүз сиз жөнүндө арызданууну чечсе, башкалар ага ишенбей калышы мүмкүн.
Өнөктөшүңүз менен болгон мамилеңизди дайыма өзгөртөсүз
Сиз себепсиз өзгөрө аласыз. Эртең менен жумшак, камкор жана назиксиз. Кечинде агрессивдүү же такыр кайдыгер адамга айланасыз. Муну менен өнөктөшүңүздүн ички абалын туруксуздандырасыз: ал сиздин алдыңызда кандай күнөө кетиргенин түшүнүүгө аракет кылып, дайыма тынчсызданып жүрөт.
Өзүңүздү агрессивдүү алып жүрөсүз
Сиз үчүн өнөктөшүңүздү басынтканыңыз, ага үнүңүздү көтөргөнүңүз, шылдыңдаганыңыз же кемсинткениңиз нормалдуу көрүнүш. Сиз кандайдыр бир талаш-тартышты чырга айландырууга жакынсыз, өзүңүздү араң кармайсыз. Мындай аракетиңиз өнөктөшүңүздү психикалык көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн, ар дайым өзүн коркунучта сезет.
Бул көрүнүш таанышпы?
Булак: Аргумент кж